Башкы прокуратуранын тергөөчүсү жер тилкелерин сатуу фактысы боюнча кармалды  

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Бишкек шаарында Аскер прокуратурасы менен бирге  ушул жылдын 5-сентябрында Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү «С.Н.М.» кармалды.

Сокулук районунун аймагында жайгашкан «Бишкек машина куруучу завод» ААКга таандык жалпы аянты 62 гектар жер тилкелерин жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатууну уюштурганы аныкталган. Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 3-бөлүгү (Коррупция) боюнча Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү “С.Н.М.” кылмыш-жаза кодексинин 96 жана 97-беренелери менен кармалып, андан ары тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүү үчүн УКМКнын тергоо камак жайына киргизилген.

Буга чейин «БМЗ» ААКнын көрсөтүлгөн жер тилкелерин мыйзамсыз ээлик кылуу учурундагы коррупция фактысы боюнча Башкы прокуратуранын башкармалыгынын улук прокурору Ч.Н.З. жана “БМЗ” ОАОнун мурдагы кызматкерлери кармалган.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты