Башкы прокуратура: Укук, финансы жана бизнести башкаруу эл аралык академиясынын имараттары мамлекетке кайтарылды

  • 11 месяцев мурун

Башкы прокуратура тарабынан Укук, финансы жана бизнести башкаруу эл аралык академиясынын (МАУПФиБ) негиздөөчүлөрү К.Назарматова жана башкалар мамлекеттик имараттарды мыйзамсыз ээлеп алгандыгы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында бир катар мыйзам бузуулар аныкталган.

2003-жылы аталган окуу жайдын негиздөөчүлөрү К.Назарматова жана башкалар документтерди жасалмалашып Бишкек шаарындагы Белорус көчөсүнүн 6 жана 6а даректериндеги 3 кабаттуу окуу корпусун, 5 кабаттуу жатаканасын жана 1,7 га жер тилкесин алдоо жолу менен ээлеп алышкан. Андан бери 200 млн. сомдон ашуун ижара акысын мамлекетке төлөбөй,  мыйзамсыз түрдө жогорку окуу жайы катары пайдаланып келишкен.

Прокурордук актылардын негизинде мыйзамсыз жана жасалма документтер жокко чыгарылды. 445 млн сомдук кыймылсыз мүлк мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда. Тергөөнүн жыйынтыгы менен күнөөлүү адамдарга тийиштүү юридикалык баа берилет.

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Академия  Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын бузгандыгына байланыштуу жогорку окуу ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө уруксат берүүчү лицензиясы токтотулган. Учурда академиянын студенттерин башка окуу жайларга которуу маселеси каралууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты