Башкы прокуратура Таалай Дүйшөнбиевдин иши боюнча тергөөчүнүн чечимин жокко чыгарды

  • 2 года мурун

Башкы прокуратура Next телеканалынын директору Таалай Дүйшөнбиевтин иши боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөөчүсүнүн көз карандысыз адистердин экспертизасын далил катары карабоо тууралуу токтомун жокко чыгарды.

Улуттар аралык кастыкты козутууга айыпталып жаткан Таалай Дүйшөнбиевтин адвокаттары 20-майда сотко көз карандысыз адистердин комплекстүү психологиялык жана лингвистикалык экспертизасын кылмыш иштин материалдарына киргизүү боюнча өтүнүч менен кайрылышкан.

23-майда УКМКнын Мамлекеттик тергөө башкармалыгы адвокаттардын көз карандысыз адистердин экспертизасын далил катары кароо талабын четке каккан.

Жактоочулар тергөөчүнүн бул чечими боюнча сотко кайрылышкан.

Бүгүн, 13-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда өткөн соттук отурумда прокуратуранын өкүлү А. Лобачевский атындагы Нижний Новгород мамлекеттик университетинин адис — изилдөөчүлөрүнүн экспертизасын далил катары алып салуу боюнча УКМКнын тергөө башкармалыгынын токтому жокко чыгарылганын кабарлады.

Тергөөчүнүн чечимин Башкы прокуратура өзү жокко чыгаргандыгына байланыштуу сот адвокаттардын арызын кароосуз калтырууну чечти.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты