Башкы прокуратура: «Роза Отунбаева суракка чакырылган жок»
- 2 года мурун
Экс-президент Роза Отунбаева суракка чакырылган жок. Бул тууралуу «ПолитКлиника» медиасына Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
«Роза Отунбаева Башкы прокуратурага суракка чакырылган жок. Буга чейин дагы сурак берген эмес», — деп билдиришти.
Буга чейин «Кактус» медиасы Роза Отунбаева 2010-жылы июнь окуясы боюнча суракка чакыртылганын жазган.
Муну бөлүшүү