Башкы прокуратура “Кыргызкөмүрдө” жемкорлук фактысы аныкталганын билдирди

  • 2 года мурун

Башкы прокуратура “Кыргызкөмүр” ишканасында жемкорлук фактысы аныкталганын кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Бишкек шаардык прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекетке 127 миллион сомдон ашуун каражатка зыян келтирилгени аныкталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө «Кыргызкөмүрдүн» жетекчилиги жана жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттин кызыкчылыгына карабастан эки ишкана менен Кара-Кече көмүр кенинен Балыкчы шаарына чейин 200 миң тонн көмүр жеткирүү үчүн атайын бекитилгенден эки эсе жогору баада келишим түзгөнү аныкталганы белгиленди.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Билип туруп пайдасыз контракт түзүү” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты