«Баш тарттык». Акылбек Жапаров «Манас», «Ош» аэропорттору боюнча комментарий берди

  • 2 года мурун

«Манас» жана «Ош» аэропортторунун айланасындагы кырдаалга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров комментарий берди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Манас” жана “Ош” аэропорттору боюнча келишим Кыргызстаныбыздын кызыкчылыгын толук камтыбагандыгына байланыштуу андан баш тарттык. 

Албетте, ар бир инвестор максималдуу түрдө пайда көрүп кетүүнү каалайт. Бирок, биз дагы максималдуу түрдө элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөшүбүз керек. 

Мамлекеттин кызыкчылыгына, коопсуздугуна толук жооп берсе, эки жылда дүйнөлүк стандартка ылайык курулушту бүтүрүп, эки аэропортту тең ишке киргизе турган кайсыл гана инвестор болбосун кызматташууга даярбыз.

Же болбосо бул долбоорду өзүбүз ишке ашырабыз, бирок бул көбүрөөк убакытты талап кылат”,- деди Жапаров.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты