Барскоон-Бедел жолу курула баштады

  • 10 месяцев мурун

Барскоон – Бедел жолу 2029-жылы күзүндө пайдаланууга берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров аталган жолдун курулушун баштоо учурунда айтты.

Жолдун курулушуна сырттан карыз алынбайт, мамлеккеттик бюджеттен каржыланат.

Барскоон – Бедел жолу Кытайдын China Road компаниясы салып берет.

“Биз бул ирет эч кандай карыз албай, өз каражатыбыздын эсебинен куруп жатабыз. Бул – мамлекетибиздин күчүнө, экономикасына жана мүмкүнчүлүгүнө таянуу менен ири долбоорлорду ишке ашыруудагы чечкиндүүлүгүнүн айкын далили. Бул кадам өлкөбүздүн күчтөнүп жатканын жана өз тагдырын өзү чечүүгө жөндөмдүү экенин көрсөтөт. Долбоорду ишке ашыруу учурунда ар кандай сунуштар түшүп, ар кандай механизмдер сунушталган. Натыйжада биз Кытайдын China Road компаниясы менен кызматташууга токтолдук. Аталган компания жолду 2029-жылдын күз айларына чейин толук бүтүрүп берет ”, -деди өлкө башчы.

Жолдун курулушу менен Кытайдын Ак-Суу шаарынан Кыргызстанга болгон багыт 500 чакырымга кыскарып, жүк ташуучулар үчүн кеминде 12 саат убакыт үнөмдөлөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты