Бангладештин премьер-министри өлкөдөн чыгып кетти

  • 1 месяц мурун

Бир нече жумадан бери нааразылык акциялары уланып, жүздөгөн адамдын өмүрү кыйылган Бангладештин премьер-министри Шейх Хасина кызматтан кетти. Бул тууралуу жергиликтүү Prothom Alo гезити жазды.

Маалыматка караганда, Хасина сиңдисин алып, тик учак менен Индияга учуп кеткенден кийин анын резиденциясына миңдеген демонстранттар кирип барышкан. Ал учардын алдында видеокайрылуу жасоону пландап, бирок жетишпей калганы кабарланды.

Жекшемби күнү өкмөттү 15 жылдан бери башкарып келе жаткан Шейх Хасинанын кызматтан кетүүсүн талап кылган митингчилер менен полициянын ортосунда кайрадан кагылышуу болуп, кеминде 90 киши каза болгону, алардын 13ү күч кызматкери экени кабарланган. Жалпысынан нааразылык акциясы башталгандан бери өлкөдө 280ден ашуун киши каза тапты.

Июнь айында жергиликтүү сотто 2018-жылы жокко чыгарылган квота системасы кайра калыбына келтирилген. Бул чечим өлкөдө студенттер баштаган нааразылык акцияларын тутанткан.

Мындан улам өлкөнүн Жогорку соту жумуш орундары боюнча айрым талаштуу квоталарды кайрадан жокко чыгаруу чечимин кабыл алган.

Бул чечимге ылайык, мамлекеттик сектордогу кызматтык орундардын 93% талапкерлердин кесиптик жарамдуулугуна жараша бөлүштүрүлөрү айтылган. 1971-жылы Пакистандан көз каранды эместик үчүн согушка катышкан ардагерлердин туугандары үчүн мурда орундардын 30% ашыгы каралган болсо, эми 5% болот деп жарыяланган. Калган 2% аз улут өкүлдөрүнө, майыптыгы барларга жана «үчүнчү жыныс» өкүлдөрүнө берилери белгиленген.

Полиция акциянын катышуучулары өкмөт, телекоммуникация жана абак мекемелеринин көбүн талкалап, өрттөп жибергенин билдирген.

Нааразылык уюштурган студенттер бийликтен акциянын уюштуруучуларын коё берүүнү, коменданттык саат режимин токтотууну жана университеттердин ишин калыбына келтирүүнү да талап кылышкан.

Сүрөттө: шейх Хасина. AFP

Калкы дээрлик 170 миллион Бангладеште жаштардын 18 миллионго жакыны жумушсуз.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты