Бангладеште студенттердин нааразылык акциясында 30дан ашык киши каза болду

  • 2 месяца мурун

Бангладештин борбору Дакка шаарында нааразылык акциясына чыккан студенттер менен полиция кызматкерлеринин кагылышуусунда ондогон киши каза болуп, жүздөгөн адам жаракат алды.

Маалыматка караганда, башаламандык учурунда мамлекеттик BTV телеканалынын имараты өрттөндү. Өлкө бийлиги имаратты нааразылыкка чыккан студенттер өрттөгөнүн билдирди.

Телеканалдын «Фейсбуктагы» расмий баракчасына имараттын ичинде адамдар кармалып турганы жана алар сыртка чыга албай жатканы тууралуу билдирүү жарыяланды. BTV каналынын жетекчилиги жардам сурап, өрт өчүрүү кызматына кайрылган.

Бангладештин маалымат министри телеканалдын эфири токтотулуп, кызматкерлеринин көбү имараттан чыгарылганын билдирди.

AFP агенттиги нааразылык акциянын жүрүшүндө 32 киши каза тапканын кабарлады. Алардын 25и бейшемби күнү, калгандары ушул аптанын ичинде каза болушкан.

Студенттер 1971-жылдагы Пакистандан көз карандысыздык алуу үчүн жүргөн согуштун ардагерлеринин жакындарына мамлекеттик кызматтардын үчтөн бирин берүүнү кепилдеген системаны өзгөртүүнү талап кылып көчөгө чыгышкан.

Бейшемби күнү бийлик акциянын башка аймактарга жайылып кетүүсүнө жол бербөө үчүн өлкө боюнча мобилдик интернетти өчүргөн. Полиция студенттерге каршы көздөн жаш агызчу газдарды жана желим окторду колдонгон.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты