Балыкчыдагы «Оазис» кафеси мыйзамсыз агынды суу төккөнү үчүн айыпка жыгылды

18-июлда социалдык тармактарда Балыкчы шаарындагы «Оазис» кафеси айлана-чөйрөгө агынды сууларды мыйзамсыз төгүп жатканы тууралуу видео тараган.

Бул боюнча Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу кызмат ыкчам текшерүү жүргүзүп, мыйзам бузуулар тастыкталганын билдирди.

Жыйынтыгында аталган жайга Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык 28 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.

Тиешелүү кызмат экологиялык талаптарды бузуу жоопкерчиликке алып келерин эскертип, айлана-чөйрөнү булгабоого чакырды.

Сүрөт: Видеодон скриншот

 Видео: Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Фейсбук баракчасынан

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты