Балыкчыдагы мунай базасынан өрт чыкты
- 3 года мурун
Балыкчы шаарындагы Айылчиев көчөсүндө жайгашкан нефть базасында 16-апрелде насостон өрт чыккан.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Өрттү өчүрүүгө Балыкчы шаардык өрт өчүрүүчү эки бөлүм тартылды. Саат 21:00до өрт чектөөгө алынып, саат 21:28де толук өчүрүлдү. Өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталууда.
Жабыркагандар жок.
Сүрөт: Министрликтин басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү