Балыкчыдагы аскер бөлүгүндө жоокерлердин маянасына делген акчаны кымырып алуу фактысы аныкталды

  • 2 года мурун

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Балыкчыда аскер кызматкерлеринин маянасына бөлүнгөн каражатты кымырып алуу фактысы аныкталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, Аскер прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө Коргоо министрлигинин Балыкчы шаарында жайгашкан 20636 аскер бөлүгүндө кызмат адамдары финансалык документтерди жасалмалоо жолу менен аскер кызматкерлеринин маянасына бөлүнгөн 900 миң сомдон ашык акча каражатты кымырып алышканы аныкталган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”), 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 346-беренеси (“Кызматтык жасалмачылык”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты