Балыкчыда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын эки кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалды

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын тутумундагы туруктуу коррупциялык схема аныкталды.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, туристтик маалда жүргүнчүлөрдөн Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын (ИИБ)  жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жана ИИМдин Бишкек шаары боюнча кайгуул башкармалыгынын айрым кызмат адамдары системалуу түрдө акча опузалап жүргөндүгү аныкталды.

31-июлда Балыкчы шаарынын аймагында ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын эки кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалды. Ошол эле күнү кызмат абалынан кыянат пайдаланган дагы башка инспекторлор кармалган.

Тергөө иштери улантылып жаткандыгы айтылды.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты