Балыкчыда турак үйдөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү
- 5 месяцев мурун
Балыкчыда турак үйдөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында турак үйдөн чыккан өрт саат 20:03дө толук өчүрүлдү. Кырсыктан жабыркагандар жок.
Өрттүн аянты болжол менен 400 м2 түзгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Маалым болгондой бүгүн саат 17:21де, Балыкчы шаарынын Тоголок Молдо Төлөмүш Океев көчөлөрүнүн кесилишинде турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат ыкчам нөөмөтчүгө келип түшкөн.
Жерине Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан саат 17:22ден тарта 3 күжүрмөн эсеп тартылган
Катуу шамал өрттү өчүрүүгө кыйынчылык жараткан. Ага карабастан куткаруучулардын тынымсыз аракети менен өрттүн жалыны өчүрүлдү.
Муну бөлүшүү