Балыкчыда милиция кызматкери окуучу кызды сүзүп кеткен окуя боюнча кылмыш иши козголду

  • 6 месяцев мурун

Башкы прокуратура Балыкчы шаарында окуучу кызды автоунаа сүзүп кеткен факты боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдады.

Прокуратурадан билдиришкендей, 26-январда Балыкчы шаарында өспүрүм кызды унаа сүзүп, унаанын айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткен. Бул факты боюнча Балыкчы шаардык прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин “Коркунучта калтыруу — этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирген жосун» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Ошондой эле аталган факты боюнча облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (“Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу — этиятсыздыктан ден соолугуна оор залал келтирген ошол эле жосун”) менен кылмыш иши козголгон.

Маалыматта облустук прокуратура жогорудагы кылмыш иштердин тергөөсүнүн жүргүзүлүшүн УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына тапшырганы айтылат.

Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы бул маалыматты ырастап, кызды сүзүп кеткен Geely Monjaro үлгүсүндөгү автоунаа Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнө тиешелүү болуп чыкканын билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, Балыкчы шаардык милициясынын аймактык ыйгарым өкүлү К.Б. тергөө кызматына келип, өспүрүм кызды сүзүп алып, окуя болгон жерден качып кеткенин айтып берген. Аны наркологиялык текшерүүдөн өткөргөндө таза экени аныкталган. Автоунаа айып короосуна киргизилген.

Ички иштер министрлиги бул окуя боюнча маалымат таратып, Балыкчы шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмонбаев менен кызматкер иниси экөө ээлеген кызматтарынан бошотулганын кабарлаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты