Балыкчыда катуу шамал катталды
- 4 месяца мурун
Балыкчыда катуу шамал катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
30-март түнү саат 01:50дө Кыргызгидрометтин берген маалыматына ылайык Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында ылдамдыгы секундасына 24-28метрге жеткен катуу шамал катталган.
Жеринде ӨКМдин кызматкерлери иш алып барып, тактоо иштерин жүргүзүүдө.Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Муну бөлүшүү