«Балыкчы шаарынын мэри жашап жаткан үйгө шаардык бюджеттен эмерек сатып алуу пландалган». Текшеребиз

11-августта Мирлан Сатаров аттуу Фейсбук колдонуучусу өзүнүн баракчасында Балыкчы шаардык мэриясынын кызматтык үйүнө зарыл эмерек жана тиричилик буюмдарынын тизмеси делген сүрөт менен бөлүшүп, билдирүү калтырган. Анда Сатаров Балыкчы шаарынын жаңы мэри Бакыт Шаршеев жашаган үйгө шаардык бюджеттен тиричилик буюмдары алынып жатканына нааразычылыгын билдирип, мэрди бул оюнан кайтууга чакырган. 

“Же өндүрүшү кыйратпаган же дыйканчылыгы жок, анча-мынча кызмат көрсөтүү менен эле турган Балыкчы шаарына бул сумма абдан эле көп негизи. Андан көрө бул акчага шаардын бир кичинекей бала бакча же мектеби болобу материалдык базасын чыңдап койсоңор, дурусураак болот беле. Бакыт Октябрович көрөгөчтүк кылып бул оюңуздан кайра кайтасыз деп үмүттөнүп туралы эми”, — деп жазган ал.

Сатаров жарыялаган тизмеде жалпы 326 миң 270 сомго идиш жуугуч машина, кир жуугуч машина, муздаткыч, китеп текчеси, кийим текчеси, ашкана жана даараткана үчүн эмеректерди сатып алуу керек экени көрсөтүлгөн. 

"Балыкчы шаарынын мэри жашап жаткан үйгө шаардык бюджеттен эмерек сатып алуу пландалган". Текшеребиз

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматтын аныктыгын текшерип көрдү. 

Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин сайтындагы маалыматка ылайык, Балыкчы шаардык мэриясы акыркы жолу 15-августта мэриянын кызматтык унаасына тетиктерди сатып алуу үчүн сынак жарыялаган. Ага чейин 8-августта дагы кызматтык унаага тетик алуу үчүн сынак жарыяланып, бирок сатып алуу болгон эмес. Андан тышкары, август айынын башында мэриянын кызматкерлери үчүн корпоративдик уюлдук байланыш кызматтарына жана күйүүчү май сатып алуу үчүн сынак жарыяланган.

"Балыкчы шаарынын мэри жашап жаткан үйгө шаардык бюджеттен эмерек сатып алуу пландалган". Текшеребиз

Ал эми Фейсбукта талкууга алынган тизмедеги эмеректер боюнча Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин сайтында маалымат жарыяланган эмес.

Мэриянын түшүндүрмөсү

Балыкчы шаардык мэриясы ошол эле 11-август күнү Фейсбуктагы баракчасында талкууга алынган тизме тууралуу түшүндүрмө берген. Анда бул муниципалдык менчикке тиешелүү батирди толук жабдуу үчүн зарыл эмеректердин тизмеси жана сметасы экени жазылган. Мэрия тизмеде көрсөтүлгөн эмеректер азыр сатылып алынбасын белгилеген.

“Учурда мэр жашап турган муниципалдык батирге аталган эмеректер алынат деген туура эмес маалымат тарап кеткен,” — деп жазылат мэриянын билдирүүсүндө. 

"Балыкчы шаарынын мэри жашап жаткан үйгө шаардык бюджеттен эмерек сатып алуу пландалган". Текшеребиз

Ушул жылдын 15-июлунда “Манас” эл аралык аэропортунун мурдагы башкы директору Бакыт Шаршеев Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалган. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. 

2021-жылы октябрда кабыл алынган “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамга ылайык, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын жетекчисин президент дайындайт. Аталган мыйзамда калаага ошол шаарда төрөлгөн жарандар жетекчи боло албасы жазылган. Ачык булактардагы маалыматка ылайык, Бакыт Шаршеев Нарын облусунун Жерге-Тал айылында туулган.

Балыкчы шаарынын вице-мэри Азиз Асаналиев сырттан дайындалып келген мэрлер үчүн кызматтык үй катары бир батир бөлүнгөнүн билдирген. Анын айтымында, сөз болуп жаткан батирди толук кандуу эмерек жана тиричилик техникалары менен жабдуу үчүн Шаршеев мэр болуп дайындалганга чейин эле тизме түзүлгөн. Бирок батирге Шаршеев керектүү шарттарды өзү түзүп алгандыктан эмерек сатып алуу маселеси токтоп калган.

Жыйынтык: Балыкчы шаардык мэриясы учурдагы мэр Бакыт Шаршеев жашап жаткан кызматтык батирге эмерек жана тиричилик буюмдарын сатып алуу үчүн тизме түзгөнү чын. Кийин мэрия бул эмеректер азыр сатылып алынбасын билдирген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты