«Балыкчы-Кочкор» темир жолун курууга даярдык жүрүп жатат

  • 2 года мурун

“Кыргыз темир жолу” УК” ишканасы Балыкчы-Кочкор темир жолун курууга даярдык башталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, маршруттун баштапкы тилкесинде жерди казуу жана алып салуу, шагыл менен кайра толтуруу, дренаждык жумуштар, темир-бетон шпалдарын төшөө үчүн шагылдарды жайгаштыруу, жебе котормосун жайгаштыруу иштери жүрүп жатат.

“Кыргыз темир жолу” ишканасынан белгилешкендей, бул маршрут күз-кыш мезгилинде Бишкек шаарынын калкын жана ЖЭБди көмүр менен камсыз кылуу үчүн Кара-Кече кенинен көмүр ташуунун эң арзан жолу. Андыктан аталган долбоор чоң социалдык-экономикалык мааниге ээ.

“Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече” долбоорунун биринчи этабында узундугу 63 чакырым болгон “Балыкчы — Кочкор” темир жолун куруу пландалган.

Нарын облусунун Жумгал районунда жайгашкан Кара-Кече көмүр кени Кыргызстандын түндүк аймагын көмүр менен камсыздайт.

“Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече” темир жолунун узундугу 186 чакырымды түзөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты