Балыкчы–Кочкор темир жолу пайдаланууга берилди

Садыр Жапаров 25-июлда Нарын облусуна барып, Балыкчы – Кочкор темир жолунун жана Кочкор станциясынын ачылыш аземине катышты.

Өлкө башчы Кочкор станциясына поезд менен келип, жаңы каттамды текшерип, станциянын инфраструктурасы менен таанышты.

Узундугу 63 чакырым болгон Балыкчы – Кочкор тилкеси Балыкчы – Кара-Кече – Макмал темир жол долбоорунун биринчи этабы болуп саналат.

Президенттин маалыматына ылайык, жол Кыргызстан тарабынан өз каражатына курулган.

“Баарынан мурда, бул темир жолду биз өз күчүбүз менен куруп жатканыбызды өзгөчө белгилегим келет. Курулуш учурунда болжол менен 1 млн куб метр жардыруу иштери жүргүзүлүп, 8 км тоо тилкеси тазаланды.

Жолдун өзүнүн курулушуна 1 км үчүн 955 миң АКШ доллары сарпталды”, — деди өлкө башчы.

Ал мисал келтирип чет өлкөлүк компаниялар бул долбоор үчүн 1 чакырымга 4,8–6,8 млн доллар сунуштаганын белгиледи.

Темир жолдун курулушу 2022-жылдын 31-мартында башталган.

Сүрөт: Ынтымак ордо

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты