Балыкчы-Кочкор темир жолу: 2022-жылга пландалган беш чакырымдын 70 пайызы бүттү

  • 2 года мурун

Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жол долбоорунун 2022-жылы пландалган беш чакырымын куруу иштеринин 70% аяктады. Учурда беш чакырымдан сырткары дагы үч чакырымды куруу пландалып жатат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасы маалымдады.

Учурда долбоордун биринчи баскычы болгон узундугу 63 км түзгөн Балыкчы-Кочкор тилкеси курулуп жатат. Эң орчундуу болгон Боз-Бармак тоосун тешип, казуу иштери уланууда.

Курулуш иштерине жалпысынан 28 атайын техника жана 52 жумушчу тартылган.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы жүзөгө ашырып жаткан «Балыкчы–Кочкор–Кара–Кече» (186 чакырым) темир жол долбоору 2030-жылга чейин аяктай турганы, ага кошумча инвестиция тартылбастан, өлкөнүн өз каражаты жумшалары айтылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты