Балыкчы-Барскоон унаа жолун оңдоо. Президент жолчулар иши менен таанышты

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-мартта, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Балыкчы-Барскоон унаа жолун реконструкциялоо долбоору менен таанышты. 

Маалым болгондой, 2021-жылы «Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол» эл аралык маанидеги жолун, анын ичинде Балыкчы-Барскоон участогун реконструкциялоо иштери башталган. 

Транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев Президентке Балыкчы-Барскоон унаа жолунда аткарылган иштер боюнча маалымдады. Быйылкы жылы жер иштерин бүтүрүү, асфальт-бетон төшөө, тосмо орнотуу, көпүрө куруу ж. б. пландалууда. 

Мындай ири масштабдагы автожолду реконструкциялоо долбоору 25тен ашык ата мекендик ишканаларды камтыган Кыргызстан жолчулар ассоциациясынын жетекчилиги менен биринчи жолу ишке ашырылууда. 

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты