Балдардын жыныстык кол тийбестигине каршы аракеттер үчүн күнөөлүүлөрдүн жоопкерчилигин күчөтүү боюнча кодекске өзгөртүүлөр киргизилди

  • 2 года мурун

Балдардын жыныстык кол тийбестигине, өмүрүнө жана ден соолугуна каршы аракеттер үчүн күнөөлүүлөрдүн жоопкерчилигин күчөтүүнү караган Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Тийиштүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 30-июнунда кабыл алынган.

Бул Мыйзам балдарды коргоо жаатында реформаларды ишке ашыруунун алкагында кол коюлган жана жыныстык кол тийбестигин коргоого болгон укуктарын, ошондой эле балдардын өмүрүн жана ден соолугун кылмыштуу кол салуулардан коргоону камсыз кылууга багытталган.

Мыйзамга ылайык, балдардын жыныстык кол тийбестигине жана руханий адеп-ахлактык саламаттыгына каршы кылмыш жасагандыгы үчүн эркинен ажыратуу мөөнөтү жана айыптын өлчөмү көбөйтүлөт.

Мындан тышкары, жогоруда көрсөтүлгөн кылмыштарды жасаган адамдар жазык жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу (58-берене), психикалык ооруга чалдыккандыгына же психикасынын убактылуу бузулушуна байланыштуу, ошондой эле шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууну колдонуу жолу менен кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулбайт. ( 89-берене) жана мунапыс.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты