Балдарды коргоо күнүнө карата дипломатиялык кайрымдуулук жарманкеси өттү
- 1 год мурун
Бүгүн, 17-май күнү Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” кинотеатрынын жанында жайгашкан Курманжан Датканын эстелигинин алдындагы аллеяда дипломатиялык кайрымдуулук жарманкесин өткөрдү.
Иш-чарага, министр Жээнбек Кулубаев, Кыргызстандагы чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын он бештен ашык дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жетекчилери жана өкүлдөрү, ошондой эле Ардактуу консулдар клубунун мүчөлөрү катышты.
Жарманкеде ар кайсы өлкөлөрдүн улуттук тамак-аштары сунушталып, келген коноктор дүйнө элдеринин даамдары менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Кол өнөрчүлөрдүн колунан жаралган белектер, маданияттык ар түрдүүлүктү чагылдырган буюмдар да катышуучулардын кызыгуусун жаратты.
Мындан тышкары, майрамдык концерттик программа тартууланып, анда кыргыз жана чет элдик ырчылар, балдар чыгармачылык жамааттары дүйнөлүк музыка жана бий өнөрүн көрсөтүштү.
Салтка айланган бул дипломатиялык кайрымдуулук жарманкеси эл аралык достукту чыңдоого жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган маанилүү аянтча катары бааланат. Жарманкеден түшкөн каражат толугу менен Кыргызстандагы балдар үйлөрүнө жардам катары жумшалмакчы.




