Балдарды 1-2-класска киргизүү үчүн кошумча каттоо ачылат
- 10 месяцев мурун
1-2-класска киргизүү үчүн буга чейин бир да мектепте катталбаган балдарга электрондук каттоо системасында кошумча орундар ачылат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
2025-2026-окуу жылына кошумча кабыл алуу 13-августта башталып, 15-августта аяктайт.
Ата-энелер жана мыйзамдуу өкүлдөр баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү “Түндүк” тиркемесиндеги “Санариптик документтер” бөлүмүндө бар экенин текшерип алышы зарыл.
Кошумча орундар ачыла турган мектептердин тизмеси шилтемеде — https://edu.gov.kg/posts/4376/
Муну бөлүшүү




