Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Бишкекте окуучу кыздардын сабалышы боюнча эки учурду көзөмөлүнө алды
- 2 года мурун
Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева Бишкекте окуучу кыздардын сабалышы боюнча эки учурду өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Бул окуялар болгон күнү Асел Чынбаева мамлекеттик органдарга бул окуяч боюнча ишти уюштурууну тапшырган.
Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы тарабынан жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча 1-класстан 4-класска чейин түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Нөөмөтчү инспектор барып эки окуучу кыз менен сүйлөшүү жүргүзүлдү. Ата-энелер чакырылып, класс жетекчилер менен да баарлашуу болду.
Болгон окуялар Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын көзөмөлүндө.
Учурда бул эки окуя Бишкек шаарынын Октябрь райондук администрациясынын балдар боюнча Комиссиясында каралып, башка окуучу кыздарга күч колдонгон окуучуга профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө. Мектеп ата-энелер менен дайыма байланышта. Баланын окууга болгон укугун тебелегендиктен, аны окуудан чыгаруу жөнүндө сөз жок.
Учурда мектепке өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери кошулуп, мектеп жетекчилиги ата-энелер комитеттери менен окуяга күбө болгон мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева өз кезегинде окуучулар арасындагы мындай ур-токмокко алуу фактыларына көзөмөл мындан ары дагы күчөтүлөт деп ишендирди. Ал ошондой эле балдар менен иштеген бардык уюмдарга келечекте ушундай көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн окуучулардын жана ата-энелердин арасында профилактикалык иш-чараларды күчөтүүнү сунуштады.