«Балдар үчүн ишеним телефонуна» жыл башынан бери 36 миңден ашык чалуу түшкөн
- 1 месяц мурун
«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна ушул жылдын жети айында 36 миң 290 телефон чалуу түшкөн. Бул орточо эсеп менен бир суткада 170, ал эми бир айда 5184 чалуу дегенди билдирет. Бул тууралуу Социалдык камсыздоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматта айтылгандай, 1204 абонент консультация алуу үчүн же жардам сурап чалган. Алардын ичинен 293ү жаш балдар, ал эми 911 чоң кишилер болгон. Ал эми калган 35086 чалуу ар кандай мүнөздө болгон: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.
Консультация алуу үчүн же жардам сураган 1204 чалуунун ичинен: эркектерден – 230 (19,1%), аялдардан – 681 (56,6%), эркек балдардан – 81 (6,7%), кыздардан – 212 (17,6%) болгондугу айтылды.
Социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматында, кайрылуулар төмөнкү көйгөйлөр боюнча түшкөн:
– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 366 (балдар 5);
– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 190 (балдар 23);
– психологиялык жабырлануу менен – 127 (балдар 88);
– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм туруму, балдар менен ата- энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 111 (балдар 83);
– үй бүлөлүк мамилелер жана жанжалдар жөнүндө – 90 (балдар 11);
– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 81 (балдар 31);
– билим берүү системасы жөнүндө – 66 (балдар 7);
– үй- бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 40 (балдар 6);
– башка маселелер боюнча – 37 (балдар 13);
– балдарга карата кайдыгер мамиле жөнүндө – 32 (балдар 5);
– БҮИТ борборунун иши жөнүндө – 30 (балдар 15);
– медициналык камсыздоо жөнүндө – 28 (балдар 3);
– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине даттануу менен – 28 (балдар 0);
– суицид жөнүндө – 4 (балдар 1);
– мектептеги рэкет жөнүндө – 4 (балдар 2).
Чалуулар төмөнкү аймактардан түшкөн:
– Бишкек шаарынан – 312 (26,0%);
– Чүй облусунан – 205 (17,0%);
– Жалал – Абад облусунан – 100 (8,3%);
– Ош облусунан – 100 (8,3%);
– Ысык- Көл облусунан – 87 (7,2%);
– Баткен облусунан – 46 (3,8%);
– Ош шаарынан – 46 (3,8%);
– Нарын облусунан – 29 (2,4%);
– Талас облусунан – 25 (2,1%);
– жашырун чалуулар (анонимдерден) – 254 (21,1%).
Түшкөн чалууларга керектүү учурда тиешелүү органдар жана мекемелер менен биргеликте жер-жерлерде иш жүргүзүлүп тургандыгы, ошондой эле чалуулардын мүнөзүнө жараша жардамдар көрсөтүлүп тургандыгы айтылды.
Сүрөт: интернет булактары