Балдар бакчаларына 26% гана балдар тартылган

  • 9 месяцев мурун

Борбор шаарда «Касым» жаңы конушундагы сынак долбоор – «Шоола» балдар бакчасы ишке кирди.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Долбоордун алкагында мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу боюнча инновациялык чечимдер киргизилген.

Долбоордун ачылыш аземине катышкан Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиевдин айтымында, сынак долбоорун ишке ашыруу аталган бала бакчага баруучу балдардын санын 180 балага көбөйтүүгө мүмкүндүк берди.

«Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында 1 жаштан 6 жашка чейинки 960 миң бала бар. Мунун өзү 740 миңге жакын бала бакчага барбайт дегенди билдирет. Мектепке чейинки билим берүү мекемелерине балдардын 26%ы гана тартылган. Бул долбоорду ишке ашыруу республика боюнча мектепке чейинки билим берүү менен камтууну 40%га чейин жеткирүүгө мүмкүндүк түзөт” деди Касымалиев.

Маалыматта белгиленгендей, сынак долбооруна ылайык, жылуучу керебеттер колдонулат. Бул балдардын оюндары жана сабактары үчүн кошумча бош мейкиндикти түзөт. Бул чечим бала бакчанын чектелген аянтын эң натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле бул демилге балдардын уктоочу бөлмөсү эс алуу үчүн гана эмес, окуу жана ойноо үчүн да пайдаланылганы менен өзгөчөлөнөт.

Сүрөт: МинКаб басма сөз кызматы тараткан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты