Балбан Эрназар Акматалиев UWW рейтингинде биринчи орунга көтөрүлдү

  • 2 года мурун

Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) эркин күрөш боюнча рейтингинде биринчи орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында айтылат.

Акматалиев 61 миң 520 упай менен экинчи орундан биринчи орунга чыкты.

UWW рейтингинде эркин күрөш боюнча Улукбек Жолдошбеков (61 кг) алтынчы, Алибек Осмонов (70 кг) сегизинчи, Арсалан Будажапов (79 кг) тогузунчу орунда турат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты