Баланы бала бакчага киргизүү үчүн пара алып жаткан кызматкер кармалды

  • 3 недели мурун

Ош шаарындагы бала бакчанын кызматкери баланы бакчага киргизүү үчүн 15 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМге Ош шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, анда ал ушул жылдын июль айында кызын Ош шаарындагы балдар бакчасына киргизүү үчүн барган учурда, бала бакчанын адиси 15000 сом акчаны пара катарында сурап жаткандыгын билдирген. 

«Уюштурулган ыкчам иш-чаралардын негизинде 28-август күнү бала бакчанын 1986-жылы туулган адиси А.Т. 15 миң сомду алып жаткан учурда кармалды» деп айтылды маалыматта.   

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 251-беренесинин (Кызматчынын сый акыны мыйзамсыз алуусу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Учурда экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жаткандыгы айтылды.

Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты