Баланы багып отурган үйдө отурган энеге дагы алимент кесилет

Үстүбүздөгү жылы 5 айлык майыптыгы бар баласына, аны багып отурган апасына дагы баланын атасынан сот аркылуу алимент кесилип берилген. Бул окуяны кененирээк айтып беребиз.

Жылдын башында Ош облусунун тургуну Жамал (аты өзгөртүлдү) кризистик борборго кайрылган. Жамалдын ата-энеси жаш кезинде каза болуп, балдар үйүндө өскөн. Күйөөсү Азамат (аты өзгөртүлдү) экөө сүйлөшүп, үй-бүлө куруп, Ошто квартирада жашап калышат. Көп узабай балалуу болушат, бала майыптыгы бар болуп туулат. Азамат өзү да, ата-энеси, туугандары да Жамалды жерип, тууган балдары соо болбойт экен деп  бет бурат. Баласы 3 айга толо электе Азамат Россияга кетип калат. Жамал болсо колундагы ымыркай баласы менен квартирада, каралашары жок калып, аргасы кетип кризистик борборго кайрылган. Кризистик борбордо убактылуу баш пааналап, алардын жардамы менен Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам борборуна кайрылган.

Борбордун адвокаттары Азаматтын адресин табуу үчүн айылда жашаган ата-энесине кайрылды. Алар жашырып  айтпай койгондо аларга да:  эгерде атасы баланы багууга көмөктөшпөсө же дайын оту жок качып кете турган болсо  майыптыгы бар баланы багуу үчүн чоң ата, чоң энесинен  алимент кесилип берилет деп, мыйзамдын жол-жобосун түшүндүрүп беришкен. Ошондон кийин алар уулу Азаматка кабар беришиптир. Азамат  Жамалга аталык укуктан баш тартам деп нотариуска күбөлөндүргөн тил кат жиберген. Азамат аталык укуктан баш тарткан учурда да  мыйзам боюнча баланы багууга милдеттүү болорун  билбесе керек.

Жамалдын утушу – өздүк документтерин тактап,  Азамат менен мыйзамдуу никеге туруп,  балага күбөлүк кагазын алып,  баланын  медициналык экпертиза кагаздарын тыкан  чогултуп жүргөн. 

Шаардык сот  мыйзамда каралган жол-жоболордун негизинде, бардык жагдайларды салмактап туруп, Жамалдын өзүнө да, майыптыгы бар ымыркай балага да атасынан алимент кесип берди. Соттун чечими Азамат Россиядагы курулуш компаниясына жиберилип, чечимдин негизинде Жамалдын банк эсебине бухгалтерия Азаматтын айлыгынан белгилүү бир сумманы  которуп жатат.

Маалымат үчүн

Мыйзам боюнча  боюнда бар же чогуу жашап турганда оорулуу болуп калган, же колунда жаш баласы менен калган, иштөөгө мүмкүнчүлүгү жок аялдарга, же болбосо балакатка жете элек,  майыптыгы бар баласын багып жаткан, бирок өзү  багуусуз калган аялга да күйөөсүнөн алимент кесип берүүгө  жол берүүчү атайын мыйзам беренелери бар. Бул жагдайлар Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө Кодексинин 15-главасынын 94-статьясында кенен-кесир айтылган.

Сот чечим чыгаруу үчүн атанын сөзсүз катышуусу зарыл эмес. Бардык документтер Жамалдын  колунда болгондуктан атасы  сотко келбесе да чечим чыгарыла берет.

 Белгилей кетүүчү нерсе — соттун иш кароо боюнча чыгымдарынын баары Азаматтын эсебинен төлөндү.

Эгер сиз адвокаттын кызматына муктаж болуп атсаңыз бул шилтемедеги даректер аркылуу кайрылсаңыз болот  http://ukuk-jardam.gov.kg/ru/p/legal-aid/where-to-get

Материал БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин «Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү» долбоорунун алкагында даярдалды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты