Бала бакчада балдардын Каабанын макетин айланып басканы боюнча иликтөө жүрүп жатат

  • 2 года мурун

Баткен облусунун Айдаркен шаарындагы бала бакчада балдардын Каабанын макетин айланып басканы боюнча териштирүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 6-май күнү Айдаркен шаарындагы “Сумая” бала бакчасында болгон.

«Орозо айтка карата балдарга ажылык сапарында аткарыла турган зыярат жөнүндө түшүнүк берүү максатында ачык саат уюштурулуп, Каабанын макетин айланып, келме айтышкан учурду тарбиячы видеого тартып, ата-энелерге отчет иретинде жөнөткөн», — деп айтылат маалыматта.

Милиция “Сумая” орус тилдүү жана диний мекемелерге тиешеси жок бакча экенин белгиледи.

Буга чейин бала бакчанын тарбиялануучулары Каабанын макетин тегеренип жатканы тартылган видео социалдык тармакта тараган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты