Бакытбек Мажитов Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп дайындалды
- 2 года мурун
Бакытбек Мажитов Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Мажитов Бакытбек Омурзакович 1976-жылы 20-декабрда туулган. Юридикалык жана экономикалык жогорку билимге ээ, юридика илимдеринин кандидаты.
11.1998 — 07. 2003-жылдары Кыргызстан эл аралык университетинин филиалынын окутуучусу;
11.1999 — 11.2010-жылдары Жалал-Абад облустук шайлоо комиссиясынын шайлоо боюнча юрист эксперти;
12.2010 — 03.2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин консультанты;
10.1999 — 05.2015-жылдары адвокат;
05.2015 — 05.2020-жылдары Жалал-Абад облусунун райондор аралык сотунун судьясы, төрагасы;
2020-жылдан ноябрынан бери Жогорку Кеңештин төрагасынын кеңешчиси;
09.2016 — 09.2022-жылдары К. Ш. Токтомаматов атындагы эл аралык университетинин жарандык укук жана процесс кафедрасынын профессору (айкалыштыруу боюнча).