Бакыт Төрөбаев Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинде кеңешме өткөрдү

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары  Бакыт Төрөбаев Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинде кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө мекеменин актуалдуу маселелери, экологиялык коопсуздук жана көзөмөлдөө, жаратылыш ресурстарын иштетүү жана коргоо маселелери талкууланды.

Бакыт Төрөбаев жарыяланган Тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылынын, президенттин “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгынын, «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясынын алкагында экология жана климат жаатындагы чараларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. 

Төрөбаев  ошондой эле борбордогу ыш көйгөйүн чечүү жана абанын сапатын көзөмөлдөө боюнча чараларды, таштандыларды башкаруу боюнча программаларды ишке ашыруу, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча тармактык программаларды иштеп чыгуу, атмосфералык абаны коргоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды кайра карап чыгуу, Жашыл климат фондуна арыз берүүгө конкреттүү долбоорлорду даярдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты