Бакыт Төрөбаев өлкөдө азык-түлүктүн кору жетиштүү экенин билдирди

  • 2 года мурун

Кыргызстанда азык-түлүктүн кору жетиштүү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.  

Анын маалыматына караганда, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда буудайдын, ундун, өсүмдүк майынын жана кумшекердин кору жетиштүү. 

 “Азык-түлүк коопсуздугу дагы мамлекеттик коопсуздуктун негизине кирет. Муну эске алуу менен азык-түлүккө болгон кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотуу маселеси каралууда”, – деди Бакыт Төрөбаев.  

Мындан тышкары ал кумшекер боюнча орчундуу маселе жаралбай турганын, быйылкы жылга карата «Кошой» жана “Кайыңды кант” заводдору менен биргеликте 62 миң тонна кумшекер өндүрүлгөнүн билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты