Бакыт Төрөбаев: «Ички соода жөнүндө мыйзамга жаңы өзгөртүүлөр кызматташуу үчүн шарттарды түзөт»

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары  Бакыт Төрөбаев агроөнөр жай комплексинин бизнес-ассоциацияларынын, соода түйүндөрүнүн, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген ички соода жөнүндө мыйзам долбооруна тийиштүү актуалдуу маселелер талкууланды. Атап айтканда, тараптардын соода түйүндөрүнүн товарларга төлөө мөөнөтүнө, товарларды сатууда соода түйүндөрүндө киргизилген сый акынын пайызына (ретробонус), соода түйүндөрүнүн азык-түлүк жеткирүүчүлөрдүн товарларын кайтарып берүүсү боюнча талаштуу суроолору болгон.

Тараптар өз пикирлерин билдирип, жолугушуунун жыйынтыгы боюнча талаш маселелер боюнча бирдиктүү пикирге келишти. 

Бакыт Төрөбаев белгилегендей, ретробонус коюмдарын аныктоо боюнча маселелер чечилди, тактап айтканда, тараптар Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тизмеге ылайык, ата мекендик өндүрүштөгү социалдык маанилүү товарларга 0% коюмга, ошондой эле ата мекендик азык-түлүк товарларына 5% ашпаган коюмга макул болушту.

«Жетишилген макулдашуулар ата мекендик өндүрүшчүлөр менен соода түйүндөрүнүн ортосунда өз ара пайдалуу кызматташууга шарттарды түзөт. Эң негизгиси, акыркы колдонуучулар туруктуу жана адекваттуу баада сапаттуу товарлар менен камсыз болушат», — деди ал жана тармактык мамлекеттик органдар эки күн ичинде андан ары бекитүү үчүн ата мекендик азык түлүк товарларынын тизмегин сунуштайт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты