Бакыт Төрөбаев Баку шаарына жумушчу сапарынын алкагында бир катар мекемелердин иши менен таанышты

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Баку шаарына (Азербайжан Республикасы) жумушчу сапарынын алкагында органикалык, минералдык жана био жер семирткичтерди, ошондой эле  топурак микроорганизмдерин өндүрүүчү «AqriBioEkoTex LLC» компаниясынын иши менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Түшүмдүүлүктү жогорулатуу жана жер кыртышынын эрозиясына каршы күрөшүү жаатындагы кызматташгуу боюнча пикир алышуу жүрдү.

Мындан тышкары, Бакыт Төрөбаев «Баку эл аралык деңиз соода порту» жабык акционердик коомунда болуп, анын директору Зиядов Талех Мухаммед оглы менен жолугушту, ошондой эле «Алят» эркин экономикалык аймагынын иштөө принциби менен жеринде таанышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз тараптын «Баку эл аралык деңиз соода порту» жабык акционердик коому жана «Алят» эркин экономикалык аймагы менен  транспорт-логистикалык жана соода-экономикалык тармактардагы кызматташтык боюнча байланыштарды жайгаруу маселеси талкууланды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты