Бакиевге таандык имараттын ордуна майыптыгы бар балдар үчүн реабилитациялык борбор курулду

  • 2 года мурун

Курманбек Бакиевге таандык имараттын ордуна ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык борбор курулду. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

«Жибек Жолунда жайгашкан мурдагы президент Курманбек Бакиевге таандык имаратты жай айында бузуп, ордуна ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык борбор курууну баштаганбыз. Ошондо “булар басып алды, ээлеп алды, эми өзүнө үй салат экен” деген ушактарды таратышты эле. Биз натыйжаны иш жүзүндө көрсөтөбүз, мына буюрса имарат бүтүп калды, жакында ачылышы болот. Жүз орундуу, заман талабына ылайык шарттары менен колдонууга берилет», — деп жазды ал.

Бакиевге таандык имараттын ордуна майыптыгы бар балдар үчүн реабилитациялык борбор курулду #74630
Бакиевге таандык имараттын ордуна майыптыгы бар балдар үчүн реабилитациялык борбор курулду #74631
Бакиевге таандык имараттын ордуна майыптыгы бар балдар үчүн реабилитациялык борбор курулду #74632
Бакиевге таандык имараттын ордуна майыптыгы бар балдар үчүн реабилитациялык борбор курулду #74630 (preview)Бакиевге таандык имараттын ордуна майыптыгы бар балдар үчүн реабилитациялык борбор курулду #74631 (preview)Бакиевге таандык имараттын ордуна майыптыгы бар балдар үчүн реабилитациялык борбор курулду #74632 (preview)
Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты