Бакиевден маек алган УТРКнын журналисти Кадыр Кошалиев кызматтан кетти

  • 1 год мурун
Бакиевден маек алган УТРКнын журналисти Кадыр Кошалиев кызматтан кетти

Мурдагы президент Курманбек Бакиевден маек алган УТРКнын журналисти Кадыр Кошалиев кызматтан кетти. Бул тууралуу УТРКнын фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, УТРКнын этика жана тартип комиссиясы атайын иликтөөлөрдү жүргүзүү менен корутунду чыгара электе, Кадыр Кошалиев корпорациянын атына көлөкө түшүргүсү келбей, өз каалоосу менен кызматтан кетти.

Аталган маекти кабарчы корпорациянын жетекчилиги менен макулдашпай, өзүнүн жеке демилгеси менен тартып келген. «Аны тартууга техникалык каражаттарды жана башка чыгымдарды жабууга каражатты корпорация бөлүп берген эмес. Ошондой эле, бул берүүнү эфирге берүү планда каралган эмес. Ар бир эфирдик материал алдын ала макулдашылып, жетекчиликтин кароосунан өткөндөн кийин гана программага киргизиле тургандыгы жалпы коомчулукка маалым», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты