Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз пайдаланылган 11 млн сом кайтарылды

  • 5 месяцев мурун

УКМК тарабынан Талас облусунун Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлерине козголгон кылмыш ишинин алкагында мамлекетке 11 миллион сом кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланып, бөлүмдүн айрым кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, мектеп жана бала бакча кызматкерлеринин эсебине акча каражаттарын мыйзамсыз түрдө аванс катары которушуп, кийин өз кызыкчылыгына пайдалангандыгы аныкталган.

Эсептөө палатасынын аудитордук корутундусуна ылайык, мыйзамсыз которулган акча каражаттын суммасы 11 млн сомду түздү.

Белгилей кетсек, аталган фактыдан улам Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси К.Б. жана башкы эсепчиси Ч.Н. ээлеген кызматынан бошотулду.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты