Байсалов: Жыл аягына чейин пенсия жана бюджеттик кызматкерлердин эмгек акысы жогорулайт

  • 2 года мурун

Кыргызстанда жылдын аягына чейин пенсияны жана бюджеттик тармакта иштеген кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүү пландалууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов пенсия системасын реформалоо боюнча өтүп жаткан парламенттик угууда билдирди.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргызстандагы пенсия системасын реформалоо жана 2023-2026-жылдарга милдеттүү медициналык камсыздандыруунун өнүгүү боюнча концепциясынын долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угууларды өткөрүүдө.

Буга чейин президент Садыр Жапаров 1-апрелден тартып билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана социалдык коргоо тармактарында иштеген 309 миңдей кызматкердин айлык акысы 50-100 пайызга чейин көтөрүлөрүн билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты