Байсалов Пакистандын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды
- 10 месяцев мурун
Бүгүн, 27-августта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Хасан Али Зайгам менен жолугушту.
Элчинин Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясы аяктады.
Эдил Байсалов Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө кошкон салымы үчүн элчиге ыраазычылык билдирди.
Кыргызстан Пакистанды ишенимдүү өнөктөш катары карай турганын айтып, мамилелер мындан ары да тереңдейт деген ишенимин кошумчалады.
Хасан Али Зайгам Пакистандын Кыргызстандагы элчиси болуп 2023-жылдын мартынан тарта иштеди.
Муну бөлүшүү




