Байсалов Cадыр Жапаров кийинки президенттик шайлоого катышарын билдирди

  • 6 месяцев мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мамлекет башчы Садыр Жапаров кийинки президенттик шайлоого катыша турганын билдирди. Бул тууралуу “Азаттык” жазып чыкты.

Президентибиз кийинки шайлоого катышат. Ага Конституция жол берет. Ошондуктан муну орто жолдо таштап койбойт. Ага элибиз да уруксат бербейт. Үмүтү жанган эл алдыдагы үч жылда көп жетишкендиктерге күбө болот”, — деди Байсалов.

Садыр Жапаровдун бийликтеги экинчи мөөнөткө баруу ниети тууралуу президенттин администрациясы азырынча маалымат бере элек.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты