Байкоңурда «Союз» кемесин учуруу акыркы секунддарда токтотулду

  • 4 месяца мурун

Казакстандагы Байкоңур космодромунда Орусиянын «Союз МС-25″ кемесин эл аралык космос станциясына жеткире турган «Союз-2.1а» ракета алып жүрүүчүсүн учуруу акыркы секунддарда токтотулду.

Кемени учуруу Москва убактысы боюнча саат 16:21ге пландалып, иш-чара «Роскосмостун» youtube-каналында түз эфирде көрсөтүлө баштаган. Бирок стартка бир нече секунд калганда диктор кеме бул жолу учурулбай калганын билдирди.

«Союз» кемесинде орусиялык Олег Новицкий, беларус Марина Василевская жана америкалык Трейси Дайсон болгон. Василевская бул учуусу менен Беларустун тарыхындагы алгачкы космонавт аял болмок. Ал Новицкий менен бирге жерге 2-апрелде кайтып келмек.

Космодромдо жүргөн илимий блогер Илья Овчинниковдун телеграм-каналына жазганына караганда, ракета алып жүрүүчүнүн кыймылдаткычы авариялык түрдө өчүп калган. НАСАнын каналындагы трансляцияда кыймылдаткыч белгиленген убакта ишке кирбегенин билдиришти. Кеме эми 23-мартта учурула турганы кабарланды.

2018-жылы орусиялык Алексей Овчинин менен америкалык Тайлер Хейгадан турган экипаж кеме көтөрүлгөндөн эки мүнөттөн кийин болжол менен 50 чакырым бийиктиктен катапульт ыкмасы менен кайра жерге кайткан. Анда атайын түзүлгөн комиссия аварияга күйүүчү май куюучу цистернадагы герметизациянын бузулушу себеп болгонун билдирген.

Орусия Казакстандын Кызылордо облусунда жайгашкан Байкоңур космодромун ижарага алып, жылына 115 миллион доллардан төлөп турат. Эки өлкөнүн ортосундагы тиешелүү келишимдин мөөнөтү 2050-жылы аяктайт.

Сүрөт: TASS

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты