“Багыт”, “Бүтүн Кыргызстан” партиялары тизмеден чийилгенби? 

Фейсбук колдонуучусу Кубанычбек Жусанов, “5271 шайлоо участкасы. Бул не?” деп жазып, партиялардын тизмеси жазылган сүрөттү жарыялаган. Ал тизмеде “Бүтүн Кыргызстан”, “Багыт” партиялары чийилип калганын көрүүгө болот. 

“Багыт”, “Бүтүн Кыргызстан” партиялары тизмеден чийилгенби? 

Бул тизме боюнча аталган шайлоо участкасында “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын байкоочу болуп турган Жолдубек Асаев төмөнкүлөргө токтолду. 

Саат 12ден өткөндөн кийин биздин партия тизмеден чийилгенин билип калдым. УИКтин кызматкерлери урнаны ачып карашты. Баары жакшы эле экен. Муну техникалык ката деп жатышат”, — дейт Жолдубек Асаев

“ПолитКлиника” медиасы шайлоонун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүп жатат. Эгерде сиз мыйзам бузууну байкасаңыз биздин WhatsApp: +996 227761201 жана Telegram +996 704761201 номерлерине жөнөтсөңүз болот. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты