Баетов: “2020-жылдан бери Кыргызстан Кытайдан карыз алган эмес”
- 3 месяца мурун
- Жаңылыктар
25-июль күнү Юстиция министри Аяз Баетов акыркы учурда коомчулукта талкуу жараткан жерди ижарага берүү, миграция жана тышкы карыз маселесине байланыштуу пикирин билдирди. Ал бул тууралуу өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.
Анын айтымында, Кыргызстан соңку 6 жылда Кытайдан карыз алган эмес.
“Кытайдан Алмазбек Атамбаевдин убагында 1 миллиард 796 миллион 853 мин 530 доллар карыз алынган. 2020-жылдан бери бир да доллар Кытайдан карыз алынган жок. Тескерисинче 419 миллион 840 мин 537 доллары кайтарылды. 1 миллиард 377 миллион 12 мин 993 доллар калды. Өз убагы менен төлөнүп келе жатат”, — деди Баетов
Мындан тышкары, ал бул мыйзам 1992-жылдан бери иштеп келе жатканын, ошол жылдардан бери жерлерди 49 жылга алып алышып, бирок эч нерсе салбай жөн эле кармап жаткандар бар экенин айтты. Жерлерди иштетпей жүргөн кыргызстандыктар дагы бар экенин кошумчалады.
“Президент бизге тапшырма койгон. Биринчи дароо эле 49 жылга эмес, 10 жылга берели. Инвестиция салса 25 жылга узарталы. Келишимде көрсөтүлгөн сумманы толук салса анан 49 жылга узарталы. Ушул маселени карап көргүлө деген. Азыр каралып жатат. Албетте жерлерибиз резина эмес. Мурдакы эле берилген жерлер жөнүндө кеп болуп жатат”, — деп жазган министр.
Ошондой эле ал Кыргызстандагы миграция боюнча жазып, Кытай жарандары саны боюнча 5-орунда турарын, көбү турист эмес, иштегени келгендер экенин, виза менен кирип, мөөнөтү бүткөндө чыгып кетерин билдирди.
Сүрөт: Интернет булактарынан




