Баасы дээрлик 100 миң сом. Соцтармакта Садыр Жапаровдун бут кийими талкууга түштү

Баасы дээрлик 100 миң сом. Соцтармакта Садыр Жапаровдун бут кийими талкууга түштү

Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйыны өтүп жатат. Жыйынга катышуу үчүн Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн башчылары келди.

Социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровдун жыйынга катышуу үчүн келген өлкө башчыларын тосуп алгандагы видеосу талкууланууда. Соцтармактын колдонуучуларынын көңүлүн мамлекет башчысынын бут кийими бурган.

Талкууга түшкөн видеодо Садыр Жапаров кызыл тамандуу бут кийим кийип жүргөнүн көрүүгө болот. Соцтармак колдонуучулары бул Christian Louboutin француз брендинин бут кийими экенин жазышууда. Бренддин расмий сайтында президенттикине окшош моделдеги бут кийим 945 доллар (учурдагы курс менен 80 миң 276 сом) турат.

Ал эми Москва ЦУМунун сайтында Жапаровдун бутундагыга окшош бут кийимдин баасы 72 миң рубль экени көрсөтүлгөн. Бүгүнкү курс менен алганда бул сумма 98 миң 151 сомду түзөт.

Баасы дээрлик 100 миң сом. Соцтармакта Садыр Жапаровдун бут кийими талкууга түштү
Биз Christian Louboutin француз брендинин сайтындагы бул бут кийимдин деталдары менен да салыштырып көрдүк.
Баасы дээрлик 100 миң сом. Соцтармакта Садыр Жапаровдун бут кийими талкууга түштү
Баасы дээрлик 100 миң сом. Соцтармакта Садыр Жапаровдун бут кийими талкууга түштү

Президент кийген бут кийим менен бренддин расмий сайтындагы бут кийимдин деталдары окшош экендигин көрүүгө болот. Айрыкча, бул бренддин өзгөчөлүгү болгон кызыл таманы окшош. Расмий сайттагы баасы $945 түзөт. Улуттук банктын акыркы курсу менен алганда 80 миң сомдой болуп калат.

Жыйынтык: Садыр Жапаровдун соцтармакта талкууга түшкөн бут кийими Christian Louboutin француз брендинин бут кийимине окшош экендиги чын.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты