“Баарыңар “өлгөнгө чейин” Россияга карызсыңар!!!” Интернетте пропагандалык фейк тарап жатат (Фактчекинг)

Акыркы убакта социалдык тармактарда “Финляндиялык блогердин жазгандары дүйнөнү дүрбөлөңгө салды” деген маалымат тарап жатат. Анда Россиянын Украинанын аймагына киришин “агрессия” катары баалаган өлкөлөрдүн дээрлик баары Россиянын курамында болгону жана алар “өлгөнгө чейин” бул өлкөгө карыздар экени айтылган. Маалыматта Кыргызстандын да СССРдин курамына киргенге чейин мамлекеттүүлүгү болбогону белгиленген. 

“ПолитКлиника медиасы” бул маалыматтын жети жылдан бери жайылып жүргөн “фейк” экенин аныктап чыкты. 

2015-жылы чыккан маалымат 

Интернет тармагында “Европанын жана Азиянын көпчүлүк өлкөлөрү Россиянын жардамы менен эгемендүү болгону” тууралуу маалыматты Финляндиялык Вейкко Корхонен аттуу блогер жазганы айтылат. 

“Баарыңар “өлгөнгө чейин” Россияга карызсыңар!!!” Интернетте пропагандалык фейк тарап жатат (Фактчекинг)

Аталган маалымат 2015-жылы тарай баштаган.

Бирок интернетте “Россиялык пропоганданы” тараткан Финляндиялык  Вейкко Корхонен аттуу блогер жок. Ал эми билдирүүнүн автору катары көрсөтүлгөн адам Хельсинки университетинин профессору, Атте Корхола болуп саналат.

“Баарыңар “өлгөнгө чейин” Россияга карызсыңар!!!” Интернетте пропагандалык фейк тарап жатат (Фактчекинг)

Башкача айтканда, Атте Корхола аттуу адамдын сүрөтү уурдалган. Бул маалыматты ал өзү Финляндиядагы İLTA-SANOMAT аттуу маалымат агентствосуна билдирген. 

“Украина, Казакстан, Кыргызстандын СССРге кошулганга чейин мамлекеттүүлүгү жок болгон” 

Интернетте тараган маалыматта Россия 18 мамлекетке эгемендүүлүк бергени жана Кытай, Индия, Вьетнам сыяктуу өлкөлөрдүн мамлекет катары пайда болуусуна салым кошкону айтылат. 

“Баарыңар “өлгөнгө чейин” Россияга карызсыңар!!!” Интернетте пропагандалык фейк тарап жатат (Фактчекинг)

Башынан белгилүү болгондой бул маалыматтагы көпчүлүк билдирүүлөр манипуляция жана калп болуп саналат. 

Анткени, Кыргыздар Орто Азиядагы эң байыркы эл болгону тарых беттеринде таамай жазылган. “Кыргыз” аты жана анын мамлекеттүүлүгү жөнүндө биринчи  ирет кытай тарыхчысы Сыма Цянь өзүнүн “Тарыхый жазмалар” аттуу китебинде 201-жылы эскерген.  Тарыхта белгилегендей, кыргыздар коло доорунан бери эле Теңир-Тоо менен Енисейдин ортосундагы зор мейкиндикти мекендеп, көчүп-конуп, малга-жанга ылайыктуу жерлерге байыр алып келишкен. Мындан сырткары 5-кылымдан баштап түзүлө баштаган “кагандыктар” да Кыргыздардын ошол учурда эле мамлекеттүү эл болгонун белгиси. 

Андан кийин, Кыргызстан СССРдин курамына кошулуп, СССР кыйраганда башка мамлекеттер сыяктуу көз карандысыз өлкө болгон.  1991-жылы  31-августта Кыргызстан өзүн эгемен мамлекет деп жарыялап реформалоо этабын баштаган.

Башкача айтканда, “Кыргыздардын эч качан мамлекеттүүлүгү болгон эмес” деген сөз таптакыр чындыкка дал келбейт. 

Дал ушундай эле Казакстан, Монголия жана Түркмөнстан сыяктуу мамлекеттердин да өзүнүн тарыхы бар жана “СССРге кошулганга чейин мамлекеттүүлүгү болгон эмес” деген сөз манипуляция болуп саналат.

Украина жана Россия 

Билдирүүдө Украина жөнүндө да сөз болгон. Анда “Белоруссия менен Украина да СССРдин курамында Улуу Октябрь революциясынын натыйжасында биринчи жолу мамлекеттүүлүккө ээ болушту. Ал эми 1991-жылы гана толук көз карандысыздыгын алышкан”,- деп жазылган. 

Тарых булактарында “Украина” жөнүндө сөз , XII- кылымдарда айтыла баштаганы белгиленет. Кийинчерээк, биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Орусиянын курамында болгон Украинанын  Борбордук Радасы көз карандысыздык үчүн күрөшө баштаган. 1918-жылы 9-январда Борбордук Раданын IV Универсалы Украина Эл Республикасынын мамлекеттик кез каранды эместигин жана Брест тынчтыктын шарттарында РСФСРдин мамлекеттик көз каранды эместигин жарыялаган. Бирок кайра 1922-жылдын 30-декабрында СССРдин курамына Союздук Республика катары кирген.  

Кийинчерээк, СССР кулагандан кийин 1991-жылы 24-августта Украина ССРинин Жогорку Кеңеши Эгемендүүлүк Декларациясынын актысын жана “Украинанын көз карандысыздыгын Декларациялоо жөнүндө” токтомун кабыл алган. Бул документтер менен Украина көз карандысыздыгын жарыялаган. Мыйзамга ылайык, Украинанын аймагы бөлүнгүс жана кол тийгис болуп саналат жана мындан ары анын аймагында Украинанын Конституциясы жана мыйзамдары гана иштейт. Көз карандысыздыкты жарыялоо актысы 1991-жылдын 1-декабрында бүткүл украиналык референдумда бекитилген. 

Башкача айтканда, тарых боюнча Украина Россия менен байланыштуу болсо да азыркы учурда көз карандысыз мамлекет болуп саналат. 

Белгилей кетсек, Россия 24-февралга караган түнү Украинага карата аскердик операцияларды баштаганын жарыялады. Россиянын президенти Владимир Путиндин айтымында, операциянын максаты “8 жылдан бери геноцидге кабылган адамдарды коргоо” болуп саналат. Путин украиналык аскерлерден куралдарын таштоону талап кылып, Россия жана  Украинанын чек арасын “демилитаризация жана денацификациялоого умтулат” деп билдирген. Андан бери Украинанын бир катар аймактарында украин армиясы менен орус күчтөрүнүн ортосунда куралдуу кагылышуу жүрүп жатат. 

Бул окуядан кийин дүйнөдөгү бир топ мамлекеттер Россияны “агрессор” катары таанып санкцияларды киргизе башташты. 

Чабуулдан кийин көбүрөөк бөлүшүлө баштаган

Россиянын күчтүү держава катары башка мамлекеттерге “көз карандысыздыкты” бергени тууралуу маалымат Россия жана Украин чырынан кийин активдүү бөлүшүлө баштаган.  

“Баарыңар “өлгөнгө чейин” Россияга карызсыңар!!!” Интернетте пропагандалык фейк тарап жатат (Фактчекинг)

Бул билдирүүнү саясат талдоочу Степан Граненый “Цинизмдин туу чокусу” катары баалаган. 

Мындан сырткары билдирүүдөгү Кытай, Индия сыяктуу чоң мамлекеттердин түптөлүшүндө да Россиянын салымы чоң экени белгиленип, бирок эч кандай далилдер келтирилген эмес. 

Жыйынтык: “Европа жана Азиянын аймагындагы көп мамлекеттер Россиянын жардамы менен мамлекеттүүлүккө ээ болду” деп аталган билдирүү пропагандалык болуп саналат. Мындан сырткары, көп маалыматтар манипуляцияланган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты