Баалуу металдар департаментинин директорунун орун басарына алдамчылык беренеси боюнча кылмыш иши козголду

  • 1 год мурун

Финансы министрлигине караштуу Баалуу металдар департаментинин директорунун орун басарынын ишмердүүлүгүндө алдамчылык фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Баалуу металдар департаментинин директорунун орун басары Ж.М. жооптуу кызматты ээлегенине таянып, М.С. аттуу жарандын ишенимине кирип, аны мамлекеттик органдарга ишке орноштурууга убада берип, алдамчылык жолу менен 700 доллар өлчөмүндөгү накталай акча каражатын ээлеп алганы аныкталды.

Чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты