Баңгизаттарды ташуу жана сатуу менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

  • 2 недели мурун

Баңгизаттарды ташуу жана сатуу менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Тажикстандан Кыргызстанга аткезчилик жолу менен «гашиш» баңгизатын ташуу жана андан ары сатуу максатында алектенген трансулуттук кылмыштуу баңги тобунун кылмыштуу иштерине бөгөт коюлду.

Маалыматка ылайык, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн өздүгү такталды. Алар 1980-жылы туулган Д.С. жана 1976-жылы туулган Д.Х. аттуу жарандар экендиги такталды.

Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө өзгөчө ири өлчөмдөгү жалпы салмагы 19 килограмм 248 граммды түзгөн «гашиш» баңгизаты алынган.

Алар Юстиция министрлигинин алдындагы Жаза аткаруу кызматынын №21 мекемесине камалышты.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты