Баңгизат ишине байланыштуу дагы үч милиция кызматкери кармалды

  • 11 месяцев мурун

Баңгизат ишине байланыштуу дагы үч милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

ИИМдин Тергөө кызматына жана Ички иликтөө кызматына Орусиянын жаранынын арызы боюнча чогулган материал келип түшкөн. Анда Кыргыз Республикасынын ИИОнун белгисиз кызматкерлери жана «Д» аттуу кыз 2023-жылдын 20-апрелинде Бишкек шаарынын Киев көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде «гашиш» делген баңги каражаттарын ыргытып , коркутуу жолу менен кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн 315 000 сом суммасында акча каражатын алышкандыгын билдирген.

Бул факт ИИМдин Кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.

21-август 2023-жылы тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда КР ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан Чүй облустук ИИББнын БМЖККнын кызматкерлери М.Ч., С.А. и А.А., кармалып, тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек шаардык ИИББ убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылып жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты